Коом

Алина Жетигенованын жолдошу каза болду

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенованын жолдошу каза болду. Бул тууралуу ырчынын жакындары билдиришти.

Анын март айынан бери ооруп жүргөнүн  балдызы куудул Назира Жетигенова белгиледи.

«Жездем кечээ, 14-июлда кечинде каза болду. 49 жашта болчу. Ушул жылдын март айынан бери ооруп жүргөн. Дарыгерлер так диагноз коё алышкан эмес», — деди ал.

Алина Жетигенова менен жолдошу 2 уул, 1 кызды тарбиялап келишкен.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button