Саясат

Камчыбек Ташиев: Лейлек эч кандай анклав болуп калбайт

Баткен облусундагы Лейлек району эч качан анклавда калбайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, учурда 2021-жылдын жаз айларында кол коюлган №39 протокол боюнча ар кандай спекуляция жүрүп жатат. Ташиев айрым депутаттар менен блогерлер бул боюнча туура эмес маалымат таратып ажиотаж жаратып жатканын белгиледи.
«Биринчиден, Лейлек эч качан анклавда калбайт. Биз протоколду кабыл алып жатканда анын аткарылышы боюнча механизмдерди карап чыкканбыз. Ворухка жол ачыш үчүн, биринчиден, ошол жолдун статусун аныктап чыгуу керектиги протоколдо жазылган. Жолдун статусу мамлекеттик келишимдин негизинде гана аныкталат. Ал жол кимдики болуш керек, кандай болуш керек, ким салыш керек, узундугу канча болуш керек деген сыяктуу маселелердин бардыгы мамлекеттик чоң келишимдин негизинде гана жүргүзүлөт. Андан кийин гана чечим кабыл алынат. Жок эле жерден Лейлек анклавда калат деген туура эмес», — деди Ташиев.
Ал ошондой эле Лейлекке Ак-Сай — Рават жана Төрт-Көчө тилкеси аркылуу эки жол түшөрүн кошумчалады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button