Кылмыш-кырсык

Бишкекте зордуктоого шектелген эки аскер кызматкери эки айга камалды

Бишкекте кызды зордуктоого шектелген Улуттук гвардиянын эки аскер кызматкери эки айга камалды. Бул тууралуу  Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалган А.Т.Б жана У.А.У. аттуу аскер кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Биринчи май райондук соту тарабынан шектүүлөргө 11-ноябрга чейин Бишкек горнизонунун гауптвахтасында камоо боюнча баш коргоо чарасы тандалды. Алар тергөө аяктаганга чейин камакта болот.

Эскерте кетсек, Аскер прокуратурасы тарабынан Улуттук гвардиянын эки аскери кызды зордуктоого шектелип кармалган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button