Коом

Whatsapp Metа компаниясынын техникалык катасынан улам иштебей калган

Meta (WhatsApp компаниясына таандык) 25-октябрдагы WhatsAppтын эки саатка созулган бузулушуна компаниянын техникалык катасы себеп болгон деп түшүндүрдү Bloomberg.

Маалыматка караганда, кырсык тууралуу 70 миңге жакын колдонуучу билдирген.

Метанын өкүлүнүн айтымында, «кыска кыйроо техникалык катанын натыйжасы болгон».

«Биз маселени чечтик жана келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз», — деп кошумчалады компания.

Шейшемби күнү WhatsApp глобалдык үзгүлтүккө учурады. Тиркеменин иштешине даттануулар дүйнөнүн ар тарабынан, атап айтканда Улуу Британия, АКШ, Европа, Россия жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн келип түшкөн. Колдонуучулар билдирүүлөрдү  жөнөтө алышпай, серверге туташууда да көйгөйлөр пайда болгон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button