Маданият

Борбор калаада эл аралык деңгээлдеги мода көргөзмөсү өтөт

20-ноябрда Бишкекте «Бурана» эл аралык мода жумалыгынын 7-сезону болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жана министрликтин колдоосу менен уюштурулуп жаткан иш-чара Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт.

«Ага ата мекендик жана чет өлкөлүк дизайнерлер катышат. Burana Fashion — Кыргызстандын мода индустриясындагы эл аралык деңгээлдеги жалгыз платформа. Бүгүнкү күндө компания дүйнөдөгү 50дөй өлкөдөгү өнөктөштөрү менен иштешип жатат. Иш-чаранын максаты — жаш дизайнерлердин ишин илгерилетүү, салттуу жана заманбап моданы өнүктүрүү», — деп жазылат кабарда.

Мода көргөзмөсү жекшемби күнү саат 16:00дө баштала турганы кошумчаланды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button