Кылмыш-кырсык

ИИМ: Соттун чечимине баш ийбеген УКТ мүчөсү кармалды

Соттун чечимине баш ийбеген уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, издөөгө алынган Араван районунун 1997-жылы туулган М.У. аттуу жашоочусу буга чейин ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоого айыпталып кармалган. Соттун токтомуна ылайык, М.У.га карата 210 миң сом айып салынган.

«Ушул күнгө чейин М.У. айыппулду төлөбөгөндүгүнө байланыштуу, сот ага карата 3 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алган”, — деп айтылат билдирүүдө.

ИИМден белгилешкендей, М.У. мурда бир нече жолу соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button