Кеңеш

Кеңседе иштегендер кандай тамакты жегени туура? Адистин кеңеши

Шашып тамактануу же түштө кофе менен булочка гана жеп алуу… Кеңседе иштегендердин бир тобу өзү тууралуу сөз болуп жатканын түшүндү болушу керек. Гастроэнтеролог Сергей Лопатин «Доктор Питер» басылмасына берген маегинде ден соолукту сакташ үчүн офис кызматкерлери кантип тамактанышы керектигин айтып берди.

Эмне үчүн түшкү тамак маанилүү?

Толук кандуу тамактануу ден соолукту сактоо үчүн зарыл. Тилекке каршы, офис кызматкерлери кээде түшкү тамакты өткөрүп жиберишет же булочка, печенье, кофеге ыраазы болуп отуруп калышат. Ошол эле учурда түшкү тамактан биз бир күндүк энергиянын дээрлик 40 пайызын алабыз. Демек, андан баш тартуу туура эмес.

Жашылча жеңиз

Тарелканын жарымында жашылчалар болгону жакшы. Бул витамин гана эмес, клетчатканын дагы нормасын толтурат. Клетчатка ичегилердин микрофлорасын кармап туруу, зат алмашууну тездетүү жана заңды нормалдаштыруу үчүн абдан зарыл.

Белок

Белок түшкү тамактын 40 пайызын түзүш керек. Адатта бул затты балыктан алышат. Бирок анын жытын баары эле жактыра бербегендиктен кесиптештердин кыжырын келтирбей, башка азыктарды караган оң. Мисалы, белок тоок этинде жана жумурткада дагы көп кездешет.

«Алаксытуучу» азыктар

Албетте, ары-бери басканда оозду кыбыратып, өзүңдү алаксыта турчу майда-чүйдө нерсе керек. Бирок алар момпосуй же печенье болбошу керек. Булар убактылуу энергия бергени менен көп өтпөй алсыратып, уйкуну келтирет. Анын ордуна жаңгактын ар кайсы түрүн жеген туура.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button