Коом

Жогорку Кеңеш өзгөчө абал режимин узартуу же токтотуу маселесин карайт

30-апрель күнү Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга чогулуп, Кыргызстандагы өзгөчө абал режимин токтотуу же узартуу маселесин карайт.

Бул тууралуу депутат Элвира Сурабалдиева социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Жогорку Кеңештин жыйынында өзгөчө абалды токтотуу же узартуу маселеси талкууланат. Өкмөткө парламент бере турган суроолору көп. Чогулган каражаттардын сарпталышы, жарандарга, ишкерлерге мамлекет тараптан кандай жардам болот, сыртта жүргөн жердештерибиздин акыбалы тууралуу”, — деп жазган эл өкүлү.

Парламенттин маалымат кызматы азырынча бул маселе күн артибинде жоктугун, жакында өтө турган коопсуздк кеңешинин жыйынында белгилүү болорун билдирди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button