Коом

Кыргызстанда үч айда 32 өспүрүм өз өмүрүн кыйды

2020-жылдын биринчи кварталында Кыргызстанда 32 өспүрүм өз өмүрүн кыйды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин адиси Мира Шарапова билдирди.

Анын айтымында, карантин учурунда, тактап айтканда 25-марттан 30-апрелге чейин 13 жашы жете элек өз өмүрүнө кол салган. Мындай кадамга барууларына ата-энеси, достору менен болгон уруш, оору, сүйүү жана башкалар себеп болгон.

«Өспүрүмдөр арасында суицид карантинде, балдар дайыма ата-энесинин көзөмөлүндө болгон учурда да катталды. Бул балдар менен ата-энелердин ортосундагы мамиледеги кризистен кабар берет. Ошондой эле бул абалга интернет да терс таасирин тийгизет», — деди Шарапова.

Эгерде жаш бала зомбулукка кабылса «111» номуру аркылуу кайрылуу керек. Ушул жылдын биринчи кварталында 34 миң 531 кайрылуу түшкөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button