Коом

Арстан Алай: «Кыргыз эли коронавирус менен ооруган жок «

Кыргыз эли коронавирус менен ооруган жок. Мындай пикирди коомдук ишмер Арстан Алай super.kg порталына билдирген.


“Коронавирус болсо биринен-бирине жугуп, үй-бүлөлөр, чогуу жашагандар, байланыш болгондор оорумак, өлмөк. Адамзат көп доорлорду басып өтүп, гени жетилди. Адам ааламдын ролун аткарбаса, телосу ууланып, чирийт. Кан менен тамактанган органдар жарылып, жоюлат. Биринчи өпкө карайып, дем алуу оорлойт. Анан башка органдар иштен чыгат”, — дейт Арстан Алай.


Анын айтуусунда, оорудан кутулуш үчүн элди эмоциядан чыгарып, улуу түшүнүккө өткөрүү керек. Журналисттер, саясатчылар Арстан Алайдан программаларды алып, элге жеткирүү керек. Медицина көк мейкин алдында алсыз. Медицинанын убактылуу жардамы тийиши мүмкүн, бирок көпчүлүгүнө жардам бербейт.

Эске салсак, буга чейин ал коронавирусту Кытайга  жөнөткөнүн, кыргыз элин балээден чектеп койгонун билдирген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button