Блогер блок

Бир адамга жашоомду арнап катуу жаңылдым. Анын аялы, кызы бар экен

Кымбаттуу эжелер, жеңелер, сиздерге кеңеш сурап кайрылып жатам. Жашым 20 да. Абалымды туура түшүнүп, түз кеңеш бересиздер деген ойдомун. Ыңгайсыз абалда турам.

Бир жылдан бери, бир жигит менен сүйлөшүп жүргөм. Аны күтүп, жолукпай калганда куса болуп кыйнала берчүмүн.Бир ирет ал мага кел экөөбүз чогуу жашайбыз деген сунуш киргизди.  Көп ойлонбой макул болдум. Баарыбир баш кошобуз да деген ой менен. Арадан 6 ай өткөндө жумушунан маанайы жок келди. Эмне болгонун сурасам айтпай койду. Башчысы менен урушкан го деп ойлогом.

 Сүлгүнү алып жуунуучу бөлмөгө кирип кеттим. Ал мени адаттагыдай көпкө жуунат деп ойлосо керек. Чачыма сүлгүнү ороп залга өтүп баратсам озондоп ыйлап жатыптыр. Акырын бутумдун учу  менен басып барып карасам, телефонунан бир видео көрүп жаткан экен. Анда жашы 2,5- 3 төгү кыз  цементке кулап, аны бир аял “тур өлбөйсүң, сени туудурган атаң карабаса мен карамак белем” деп чапкылап жатыптыр. Аны көрүп, кызына ичи ачышып ыйлап жаткан экен. Мени жанында жок деп ойлоп, бир шуркуя үчүн сени тыштадымбы кызым. Периштем мени кечир, апаң сени төрөп өзүнө көп карабай калганда чанып кеттим, жок жерден чуу чыгардым, сени көп ыйлайт үнүн өчүр дедим. Өзүмө убал,чыдап түшүнүп койсом болот эле го, эми мени апаң кечирбейт да деп жатты. Шек алдырбай артка басып.Ваннанын эшигин тарс жаап, жуунуп чыккан киши болдум. Жигитим тып басылып өзгөрө түштү. Калп эле көмкөрөсүнөн жатып алды.

Чачымды кургатып жатып кечке ойлондум, демек мени менен жөн гана убакыт өткөрүп жүргөн экен. Көрсө үй-бүлөсү, кызы бар экен. Эмне кылсам? Кууп чыксамбы? Кыздык намысым кандай болот. Жеңем баарын билет, Ага турмушка чыгам деп айткам. Кийинки жашоом кандай болот. Ыйлаганына караганда кызын жакшы көрөт. Башым да катып калды. Эмне кылсам… аялы менен эмнеге таарынышты? Кийинчерээк мени да тыштап кетсечи? Айтор айламды таппай жатам….

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button