Кылмыш-кырсык
Бир учурда үй-бүлөнүн тогуз мүчөсү тез даярдалуучу кесме менен ууланып көз жумду
Кытайда бир эле учурда үй-бүлөнүн тогуз мүчөсү муздаткычта сакталып турган тез даярдалуучу кесме менен ууланып, көз жумду. Бул тууралуу Daily Star жазды.
Каргашалуу окуя өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Цзисси шаарында болгон. Үй-бүлө Суантанжи аттуу жергиликтүү тез даярдалуучу тамакты жешкен. Алгач үй-бүлөнүн жети мүчөсү, кийинчерээк дагы экөө ооруп калышкан.
Дарыгерлер бир нече күн алардын өмүрү үчүн күрөшүштү. Бейтаптарга уулануу диагнозу коюлган, алардын денесинде күчтүү уулуу зат — Бонгкрек кислотасы табылган. Көрүлгөн аракеттерге карабастан, дарыгерлер эч кимисин сактап кала алган жок.
Үй-бүлөнүн үч баласы аман калган. Алар башкалар менен кошо кесмени жегенден баш тарткан.