Кылмыш-кырсык

69 жаштагы карыя досуна 500 жолу бычак сайган

Украиналык улгайган карыя досуна 500гө жакын бычак  сайган. Бул тууралуу «Strana.ua» Донецк облусунун прокуратурасынын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жазат.

«Сотко чейинки тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында, 2020-жылы 25-октябрда Бахмут шаарынын 69 жаштагы тургуну өзүнүн батиринде досу менен спирт ичимдигин ичкен. Алардын ортосунда чыр чыгып, анын жүрүшүндө үй ээси жабырлануучуну өзүнүн мүлкүн уурдаган деп айыптаган. Кол салган адам эркек кишини полго жыгып, ашкана бычагын колдонуп, ага 500дөн ашык сокку урган, анын 35и көкүрөгүнө, курсагына жана башына сайылган», — деп айтылат маалыматта.

Мекемеден кошумчулагандай,  кылмыштан кийин карыя эс алууга кеткенин, 50 жаштагы жабырлануучу алган жаракатынан улам көз жумганын кошумчалады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button