Коом

УКМК: Атайын кызматтын башчысы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы кабыл алды

2020-жылдын 23-ноябрында жарандар менен өткөзүлүп келген
жолугушуулардын графигине ылайык, алдын ала жазылуу аркылуу УКМК
төрагасы, генерал-майор К.Ташиев жалпыга маалымдоо каражаттарына
видео кайрылуу жасаган Савай айыл өкмөтүнүн башчысы М.Сайпидиновду
кабыл алды.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө УКМК башчысы М.Сайпидиновдун арызын
угуп чыгып, тиешелүү бөлүмдөргө видео кайрылуудагы баардык
маалыматтар объективдүү жана ар тараптуу изилдеп чыгуу тапшырмасын
койду.
Өз кезегинде К.Ташиев УКМК саясаттын тышкары деп баса белгилеп,
саясий жана башка мотивдер боюнча куугунтуктоо менен алектенбегендигин
билдирди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button