Жылдыз Орозобекова: «Кыргыз тарыхында биринчи жолу эл өзүнө башчы тандап алды. Ушул эл тандоосуна маани берип, акыл калчаш керек элеңер»
Кечээги Каныбек Иманалиевдин: «Көлдүн аксакалдары балаңар тентек болуп, эч ким укпай жатат, тыйып алгыла, адегенде аким болуп иштесин …”, — деп сөүз мага бычактай тийди. Жан дүйнөмө тынчтык бербеди.
Атандын көрү, арман деген ушу экен, Жакып Чыйырдыга: Балаң тентек чыкты, мал-мүлкүмдү элге берип чачып жатат, Ошпурга жиберели кой багып келсин” – деп өлгөндө көргөн жалгызынан дүнүйө артык болуп Манасты кой кайтартты эле.
Азыр бул салыштыруунун жагдайынын сиздин сөзгө тике да, каймана да мааниси бар, тарыхын билбей эл муратына жетпейт: «Ар заманда Эл башында кан, бектердин, баатырлардын, шерлердин эли үчүн башы канжыгада болгон.
Улуктардын эстүүлүгү аксакал деген статуска өзгөчө урматы сыйын көргөзгөн.
«Элине акаарат келтирген, элдин назарынан калган эр жигитке карата:
Эр туулса намыска бүтсүн, эл четинде жоо бетинде жүрсүн, көөкөрдөй каны төгүлсө, чет душманга колтук ачпай, этектей жерин бастырбай, эли журтунун ынтымагы, эркиндиги, тынч жашоосу үчүн кам көрүп жүрүп башы кетсе арманы жок деген.
Элибиздеги асыл эреженин бири: эч качан бирөөнө бейчеки өктөм болбо, жалпы элге көө сүртпө, жигитте эки ажал болот бири кадимки ажалы, экинчиси сөзүнүн ажалы, эл назарынан калган жигитке эртели өлүм ак деген.
Кайсы жерде жана качан баласы атасына бата берип, баласы атасына сөөмөй кезеп, баласы атасына акыл айтып, атугул кекенген кайда бар эле.
«Садыр колдон чыкты деп, Баланды тыйып алгыла!, — дегенге кантип ооз барды.
Жалпы элге кекенгидей элден аша кечкидей эмне болду? Садырды мүлдө кыргыздын жети дубанынан чындык, акыйкаттык үчүн күрөшүп жаткан эл колдоду, көрдүк. Бул кыргыз тарыхында биринчи жолу эл өзүнө башчы тандап алды. УШУЛ ЭЛ ТАНДООСУНА МААНИ БЕРИП АКЫЛ КАЛЧАШ КЕРЕК ЭЛЕНЕР.
Элдин абалын билесинерби?
Силер 30 жылы бийлеп келген элде өмүрүн медицинага арнаган эмгек синирген врачтар, эмгеги синип 40 жыл мектепте билим берген мугалимдер, өмүрүн илим деп жүргөн өмүр бою ак ниетинен иштеп мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошкондор 3.500, 4000, 4.500 деп пенсияга чыгардынар. Ушулбу силердин тажрыйбанар! Акылыңар, күчүңөр. Элди ойлогонуңарбы?
Силер 30 жылда кай жагынан мыкты тажрыйба алганыңарды жакшы билем.
30 жыл бийлик бутагында жүргөн адамдар элине сөөмөй кезебейт, аксакалдарын көкүтпөйт, бул кылыгыңар эл жүзүнү түкүргөн менен барабар болду.
Манастын элинин убалына калбадынарбы, эч болбосо чын жүрөгүңөрдөн так, орундуу, сөз айтууга да жарабадынар.
Көлдүн аксакалдарына ыргыткан ташыңыз түшүнгөн кишиге мүлдө кыргыздын башына тийди.
Мен силерди элдик уулдар деп ойлоочумун, кандай иш кылсанар да жакшы ишиңерди эстеп жаманын жаап, жакшысына тараза оодуруп кабыл алчумун.
Мынчалыкка барып аша чаап кетет деп күтпөгөнмүн. Мен сыяктуулар арбындыр.
Эми «ЭЛДЕН КЕЧИРИМ СУРАГЫЛА» — деп айткым келбейт.
АНТКЕНИ ЖӨӨ КЫЯДАН ӨТҮП КЕТТИ.