Кылмыш-кырсык
Кырсык. Honda Fit менен кагышкан маршрутка оодарылып калды
Бишкек шаарынын Чортеков жана Күйүкова көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы болду, деп билдирди күбө.
Анын айтымында, жеңил унаа менен №100 кичи автобус кагышкан. Кырсык эртең мененки саат 9:30да болгон.
Натыйжада Honda Fit автоунаасынын айдоочусу Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген.
Учурда жол кырсыгы катталган жерде милициянын кайгуул кызматкерлери иш алып барууда.