Кылмыш-кырсык

Кемин районунда жайыттан мал айдап келүүгө кеткен аял эки күндөн бери дайынсыз болуп изделүүдө

Чүй облусунун Кемин районунда 31 жаштагы аял дайынсыз болуп изделүүдө. Ал жайыттан мал айдап келүүгө кеткен бойдон кайра келген эмес. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 22-февралда Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Терек-Жайлоо тилкесинде 31 жаштагы аял жайыттан мал айдап келем деп үйүнөн чыгып кайра кайтып келген эмес.

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн жерине куткаруучулар тартылды. Бүгүн, 24-февраль күнү издөө иштери улантыларын  аталган мекемеден кабарлашты.

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button