Кылмыш-кырсык

Сузак районунда 7-класста окуган бала асынып каза болду

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 7-класста окуган бала асынып каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 13-май күнү саат 10:00 чамасында болгон. Анда 2007-жылы туулган 7-класстын окуучусу үйүнүн чатырындагы устунга пресс жип менен өзүн-өзү асып алып каза болгон. Бул факты Сузак РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, текшерүү иштери башталган.

«Баланын денесине сырттан кароо жүргүзгөн учурда баланын денесинде жаракаты жок экендиги аныкталган. Бул окуя боюнча баланын атасы арыз жазуудан жана жансыз денени соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартты», — деп билдиришти облустук милициядан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button