Коом
Селден улам Ысык-Көлдүн кээ бир жолдору убактылуу жабылды
Ысык-Көл облусунда кечээ күнкү селге байланыштуу бир нече жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Жол жана транспорт министрлигинен билдирди.
Аталган министрликтин алдындагы Жол чарба департаментинин аймактык бөлүмүнүн маалыматына караганда, 29-30-июлдагы нөшөр жергиликтүү жана эл аралык маанидеги жолдорду жууп кеткен. Алар:
Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолунун 19-25, 34-38, 40-42 жана 60-66-чакырымдары;
Кара — Талас — Туура-Суу жолунун 5-26-чакырымдары;
Барскоон — Ак-Шыйрак автоунаа жолунун 60-65 жана 105-107-чакырымдары;
Жети-Өгүз — Кой-Сары жолунун 2-3-чакырымдары;
Каракол — Эңилчек жолунун 76-77 жана 131-138-чакырымдары;
Ведомстводон жолдорду тазалоо жана калыбына келтирүү иштери аткарылып жаткандыгын кошумчалады.