Саясат

Садыр Жапаров Акжол Махмудовго телефон чалып ыраазычылык билдирди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-августта, телефон аркылуу улуттук курама команданын мүчөсү, грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудовду Токиодогу (Япония) Олимпиада оюндарында күмүш медаль жеңип алгандыгы менен куттуктады.

“Көптөн берки талбаган эмгегиңдин жана талантыңдын натыйжасындагы ийгиликтүү жетишкендигиңди чын жүрөктөн куттуктайм. Сен али жашсың, келечекте алтын медалды дагы багындырасың.  Бүгүн Манастын чыныгы тукуму экениңди далилдедиң. Күмүш медаль баарынын бактысына эле жаза бербейт. Мындай жетишкендик улуттук спорттун тарыхында көп деле болгон эмес, ошондуктан бул ийгилик жалпы кыргызстандыктар үчүн өтө маанилүү жана өтө баалуу. Миллиондогон мекендештерибиз демин ичине катып, сенин күрөшүңдү көрүп турушту, чын жүрөктөн сүрөп, кабатырланып жатышты. Биз спортчуларыбызды мекенибизде чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Аман-эсен кайтып келип алгыла!» – деп айтты мамлекет башчысы.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын олимпиадалык курама командасына мындан ары да ийгиликтерди каалап, калган спортчулар дагы сөзсүз жогорку сыйлыктарга ээ болоруна ишеним артып жаткандыгын билдирди.

Эске салсак, Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында кыргыз балбаны Акжол Махмудов  финалдык беттеште, венгриялык фаворит балбандардын бири Тамас Лоренц менен кез келип, атаандашына 2:1 эсебинде жеңилип күмүш медалдын ээси болду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button