Актриса  Мерьем Узерли Бишкектеги күйөрмандары менен жолуга албай турганын  маалымдады. Бул  тууралуу актриса маалымат жыйында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Ал Кыргызстанга бир эле күнгө келгенин кошумчалаган.

«Пандемиядан улам жана абдан тыгыз графикке байланыштуу Бишкектеги күйөрмандарым менен көрүшө албайм. Мен Кыргызстанга дагы бир ирет келип кетүүнү пландап жатам, ошондо жолугушуу болоруна ишенем. Бишкекке келер алдында мен көп окуп, даярдангам. Бул жер мага абдан жакты. Кыргызстанга келгениме кубанычтамын», — деди актриса.

Актриса Кыргызстанга Азия эл аралык кинофестивалынын (Asian World Film Festival) чакыруусу менен келип, мындан ары жыл сайын Стамбулда өтө турган Азия аймагындагы телесериалдардын Asian World TV Series Awards сыйлыгынын презентациясына катышты.