Коом

«Газпром Кыргызстан» мектебине мүмкүнчүлүгү чектелген 19 бала кабыл алынды

Мүмкүнчүлүгү чектелген 19 бала «Газпром Кыргызстан» мектебине кабыл алынды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды бул билим берүү мекемесине тандоо жана кабыл алуу боюнча мекемелер аралык комиссиянын жыйыны бир күн мурун болгон. Чечим кабыл алууда баланын диагнозу, окуу көрсөткүчтөрү жана мурда окуган мектептеги өзгөчөлүктөрү эске алынат.

Муниципалитет, мэрия менен «Газпром Кыргызстан мектеби» ортосундагы келишимге ылайык, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жыл сайын мектепте бекер билим алуу үчүн  20 пайыздык квота бөлүнгөнүн эске салды.

«Акысыз билим алуу үчүн квота өзүн-өзү тейлөө, көз карандысыз кыймыл, мугалимдер жана классташтар менен өз алдынча баарлашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бөлүнгөн»,-деп белгилешти басма сөз кызматынан.

«Газпром Кыргызстан» мектебинде учурда мүмкүнчүлүгү чектелген 130 окуучу билим алат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button