Коом

Бишкекте №67 мектеп коронавирустан улам карантинге жабылды

Бишкекте №67 мектеп-гимназиясы коронавирустан улам карантинге жабылды. Бул тууралуу  шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Санэпидкөзөмөл борборунун башчысы Кубан Кундашевдин айтымында, аталган окуу жайдын бир нече класста окуган окуучуларында коронавирус аныкталган. Мындан улам мектеп толук жабылды.

Эскерте кетсек, 8-октябрга карата өлкө аймагында коронавируска кабылган 84 учур катталды. Алардын ичинен 45и Бишкекте аныкталды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button