Коом

Жарым жылда электр энергиясынын лимиттери 10,4 пайызга же 530 миллион киловатт-сааттан ашты

2021-жылдын апрель-октябрь айларында электр энергиясын керектөө лимити 530 миллион киловатт-саатка же 10,4 пайызга ашты. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингден кабарлашты.

Энергетиктер электр энегриясын керектөөдө белгиленген лимиттерди сактабоо Токтогул суу сактагычынын «кескин азайышына» жана аймактарда электр энергиясын колдонууга чектөө киргизүүгө алып келерин эске салышты.

Мунун алдын алуу үчүн керектөөчүлөрдүн бардык категориялары тарабынан электр энергиясын керектөөнүн белгиленген жана уруксат берилген режимдерин сактоо боюнча чаралар көрүлдү.

«Бүгүнкү күндө жер-жерлерде калкка учурдагы абал, электр энергиясын үнөмдүү жана сарамжалдуу пайдалануу, жылуулуктун альтернативдик түрлөрүнө өтүү боюнча түшүндүрүү иштери улантылууда. Улуттук энергохолдинг ар бир керектөөчүнү бүтүндөй энергетика тутумунун ишенимдүү иштешин камсыз кылуу үчүн электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга салым кошууга чакырат», — деп айтылат билдирүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button