Коом

Ысык-Көл ОИИБдин башчысы Канат Джумагазиев жергиликтүү милициянын ишмердүүлүгүн текшерди

Кечээ, 19-ноябрда Ысык-Көл ОИИБдин башчысы Канат Джумагазиев ар бир шаар жана райондук ички иштер бөлүмдөрүндө болуп, алардын жүргүзүп жаткан ишмердүүлү менен жакындан жакын таанышып чыкты.

Текшерүү учурунда, облусттук милициянын башчысы ар бир ачылбаган кылмыштар боюнча жоопту болгон жетекчилердин отчетторун угуп, алар боюнча тийиштүү тапшырмаларды берип кетти. Андан тышкары, өздүк курамдын канчалык дээӊгелде кышкы форма менен камсыз болгонун, ошондой эле, шаар жана райондук милициянын имараттары кышкы мезгилге кандай даярдыктарды көрүшкөнү боюнча маалыматтарды укту. Бардык аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча мөөнөттөр жана тапшырмалар коюлуп кетти.

Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешин шайлоо өнөктүгүн өткөрүүдө  Кыргыз Республикасынын Президенти жана Ички иштер министрлиги тарабынан коюлган талаптарын аткарууда, жогорку уюшкандыкта жана жоопкерчиликте өткөрүү керектигин эскертип кетти.

 

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button