Блогер блок

Баяна Кулова: «Ак үйдү арамканага айланттыңар эле. Эми өлкөнү айлантпагыла!!»

Мындай пикирин журналист Баяна Кулова Фейсбуктагы баракчасына жазып, «эркекче жеңилгиле, эркекче күрөшкүлө» деген пикири менен бөлүштү.

Анын айтымында, акыркы он жылда азыркы чарылдап аткандар, Ак үйдү арамканага айлантып, арак, сойку кыздар, адам дит багып карай албай, жаза албаган акмактыктарды жасагандар.

«ЖЕТЕТ БОЛДУ!!

Тынчыйт экен десе, өлкөнү башыңарга кийип алчудай тим эле. Силер шайланбасаңар эле Кыргызстан кыйрап калчудай, жашообуз өтпөй калчудай, эл силерге суусап акактап тургансып.

Кечээ элдин келбей койгону да так ошол экстерден, айрым жаңы бараткандардын ашынган амбициясынан, куру сөзүнөн башка башында балекет да жогун калыс эл билип жийиркенип бүткөнүнөн билсе болот.  Болбосо бир тыйыны жок Эрулан Көкүлөвго 16 000 добуш берилбейт эле. Эл жаңыланууну аябай каалап калыптыр, акырын картаны ачып койду. ЭЛ катары мен да каалайм.

Элдин тандоосун сыйлагыла да мамлекети башыңарга кийе бербей.

Акылбек Жапаров  кетсин деп койгондобу? Ал киши силердин ишиңерге аралашкан дагы жок!! Болгону таза шайлоону камсыздап берди. Элди ишендирип ээрчите албаган өзүңөрдөн көргүлө.  Баягы силердин убагыңардагы өкмөт башчыларды тебетейдей алмаштырууну каалап атсаңар аябай кечиктиңер!! Тынчтык болсунчу, кандай бир кара ниет акмаксыңар!! Акыркы он жылда азыркы чарылдап аткандар жаныңарда түбүңөрдө кошо жүрдүм го 121-депутат болуп өзүңөр айтмакчы. ЭЙ!! ак үйдү арамканага айлантып, арак, сойку кыздар, бети жоктук деги койчу адам дит багып карай албай, жаза албаган акмактыктарды жасадыңар го!! Болду да, эми !!  Эми өлкөнү айлантпагыла!! Силерден башка кишилер да иштесинби ЖКда? Каяктан чыккан табылгыс депутаттар элеңер? Каяктан чыккан алмаштыргыс ыйыктар элеңер? Ыйык партияңар бар эле?

Эркекче жеңилгиле, эркекче күрөшкүлө!! Мен каалабаган, каалаган адамдар да келишкен жок!! Элдин тандоосу чычалабагыла!! Мен элдин тандоосу тараптамын, элдин чечимин сыйлайм.

Сайттын сбой болуп калаарын сайтта иштегендер  баарыбыз эле билебиз. Материал көп жүктөлүп кеткенде дароо отказ бере баштайт. Бул ТЕХНИКА!! андан билип туруп саясат жасагандар аман эле болгула да!!

Жаңы парламент келсин!! Иштесин!! Тынчтангыла!!»  -деп жазат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button