“Чыныбай Турсунбеков” атындагы фонд “Бир адамдан бир китеп” долбоору менен биргеликте Жогорку Кеңештин мурдагы Төрагасы, коомдук ишмер, акын, илимпоз, “Акун” компаниясынын негиздөөчүсү Чыныбай Турсунбековдун жаркын элесине арналган “Мен дүйнөгө баланын көзү менен карайм” аттуу эскерүү китеби боюнча жалпы республикалык деңгээлде эссе жазуу сынагын жарыялайт!

Эссе жазуу сынагынын алдыңкы 10 мыктысына Ысык-Көлдө июнь айында өтө турган поэзия фестивалына жолдомо берилет жана алардын ичинен 1-орунга ноутбук, 2-орунга планшет, 3-орунга смартфон ыйгарылат.

Толук маалымат алуу үчүн: 0709938063 жана 0555778034 телефон номерине байланышыңыз жана соц.тармактагы “Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд” баракчасына баш багыңыздар.