Дербиш сүйгөн кызгалдак кыз …     

 

Күн түнөгөн тоолордун дөңсөөсүнө

Гүл жыттанган бир дене жатат бир күн

Күйүп-жанган дүйнөнүн көксөөсүнө

Сүйүп-танган дүйнөсүн катат бир күн.

 

Окшобогон эч кимге пейли менен

Ээрчибеген эч кимди азоо кыял

Кыялдагы дербиши — дейди менен

Күбүң-шыбың угулбас жерге сыяр …

 

Тогуз жолдун тоомунан тоо тиреген

Дөңсөөлөрдү кызгалдак каптаганда

Кызыл жалын аралап от жиреген

Кыз элесин жүрөккө сактаган бар …

 

Ошол жүрөк – жүрөгү жан апаңдын

Ошол жүрөк – жүрөгү да бир жандын

Бири ингендей жүрөгүн канатаарың

Бири дербиш жүрөгү адашаарың.

 

Көз жашынан эненин жибип кыртыш

Кызгалдактын тамыры суу жутканда

Көк баркыттан кызына атап жыртыш

Көкүрөгү ачышып уу жутканда

 

Кызыл жалын желесин күбүп-күбүп

Желге ыргалаар дөңсөөдө кызгалдактар

Кыз элесин ким бирөө сүйүп-сүйүп

Атын атап шыбырап ырын жазаар …

 

Ырга айланган өмүрүң ырда жашап

Ыйга айланган өмүрүң …

дөңсөө жакта

Ар жаз сайын эсиме түшө берет

Кызгалдак кыз … кызгалдак гүл ачканда …

 

Ар жаз сайын кызгалдак кулпурганда

Дербиш келет дөңсөөгө ыр жазмакка …

 

 

Кездешүү

 

Кыялдардын сыныгынан топтолуп

Кыялдарда бир бар болуп, жок болуп

Унуткарып, унутулуп, табылып

Учу бүтпөс санааларга окшодук

Мезгилдердин закымына сиңдик да

Кезигиштик калган кезде токтолуп …

 

Буурул тарткан ак аралап чачтарың

Салабаттуу тартып шайдоот басканың

Сыр аяктын сыры кеткен менен да

Сыны кетпей сакталыптыр жаш чагың.

Баары жакын …баары тааныш көзүмө

Эске албасам жары экениң башканын.

 

Таанымаксан карап өттүм жаныңдан

Бирок сезим, көңүл таанып турду да

Мезгилдердин бүктөмүнө катылган

Серпилдиби сезимдерим кургур аа …

Тааныш караш тамырыма жайылып

Тээ качанкы өтмүшкө оюм бурдуң аа …

 

Анда сен да, мен да өткүр жалын жаш

Бейлебеген бу тагдырдын татаалын

Кош жүрөктүн энчиси эле жалындаш

Кош деп кыйып , билбей жалгыз басаарын

Бактысызбыз дешкен эле буркурап

Билбей башка жандан бакыт татаарын.

 

Көп эл калды көз жаздымда көрүнбөй

Үнү угулбай сүйлөп жаткан тамада

Сенин дагы сезип турдум дал мендей

Уурданып карашыңды жана да

“Менден артык чыкты бекен алганың“

“Сенден артык жолукпады мага да».

 

Деген жазуу каректерде жазылып

Дилдерде тээ качанкы сыр казылып

Эл жайнаган ошол кече … экөөбүз

Биздин көңүл анан …оргуп – басылып

Дүрт деп жанып көкүрөктө бир сезим

Жылдар бою жашап жүргөн жашынып.

 

Бир карашта сынап өттүм алганың

Жаркылдаган жакшынакай жан экен

Шаңкылдаган каткырыгы таптаза

Мага окшош жагы дагы бар экен

“Сен күлгөндө дүйнө кетет тазарып …”

Сөздөрүңдүн ушул … ээси – ал экен …

 

Менин жарым мени мактап сага окшоп

Бийиктикке учушума дем берип

“Сен бар үчүн эч нерседен коркпоймун !”

Деген менин сыймыгыма тең келип

Биз экөөбүз – экөөбүзгө окшошту

Тагдыр берген энчи экенин сезбедик.

 

Көрсө тагдыр экөөбүздү кошпогон

Энчилептир жанды бизге окшогон ….

 

 

***

Күлгүлө Аялзат, күлгүлө

Күлкүңдөн бул жашоо жылмаят

Бактылуу шыңгырың жаңырса

Балбылдап көздөрүң нурданат!

 

Жашоонун шаныңа бөлөнүп

Жаш бойдон эх жашай берелик

Биз менен уланып тирүүлүк

Биз менен сезимдер төрөлүп!

 

Жылмайуу жүздөрдө тамылжып

Капанын пардасын ал, ыргыт!

Биз менен ырдалып махабат

Биз менен дастандар жазылып!

 

Бооруңа бек кысып балаңды

Бүт унут буюккан санааңды

Күлгөнүң мээримге бөлөсүн

Үйүңдү, айлана-ааламды!

 

Тагдырдын шамалын тоготпой

Жаманга өмүрдү коротпой

Өзүңдү сүйгүн да жашоону

Жашап өт Аялзат, жомоктой!

 

Ыйды да күлкүгө бура бил

Күлкүдөн зор бакты кура бил

“Эл дейт”ти укпасаң укпай кой

Жүрөгүң Аялзат, уга бил!

 

Улуулук биздерге жарашат

Сулуулук бизден ким талашат?

Аял бар жер шары огунда

Кылымдап айланып баратат!

 

Күлгүлө Аялзат, күлгүлө

Күлкүдөн тазарат кир дүйнө

Аялсыз өмүрлөр кадырсыз

Аялсыз томсороор бул дүйнө

Аялзат – баатырды багынткан

Аялзат – миң сырлуу бир дүйнө!

 

***

 

Карегиңе чөгүү … жашоо бүткөнү

Азап болоор асыл жандын күтмөгү

Бир күнүмө бир өмүрүң алмашып

Дил-дилиме дил-дилиңдин бүтмөгү

Көздөрүңдөн чачкан жалын куйкалап

Өрттөп эле өткөнсүдү бүт мени.

 

Караанымды көздөрүңө сүрткөнүң

Кайра жазат мезгилдердин бүктөмүн

Багалегин балбактатып шым кийип

Желкеме артып бул турмуштун жүктөрүн

Жалгыздыкты абзел көрүп жамандан

Жакшы санап балким сени күткөнмүн.

 

А сен ошо менин жакшы санатым

Бир аялдын оозун тырмап жаратын

Карегине жаш толтуруп эмнеге

Көкүрөгүн айтчы эмнеге канаттың ?

Сезимдери сыздаса ошол аялдын

Менин дагы дилим ооруп барат чын …

 

Мен да аял … ал да аял гүл дүйнө

Экөөбүз тең окшош аалам бир дүйнө

Гүлдөтүү үчүн бир аялдын дүйнөсүн

Башка аялдын өрттөп дилин күйдүрбө

Мен азабың …бактың ошол асыл жан

Бактыңды ая …бактыңды ая …бүлдүрбө …

Сүйөөрүңдү билдирбе …

(Дагы бир тагдыр …)

Гульзат Ормонбекова, акын.