Спорт

Амиржан Муканов Кыргызстандын футзал боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу кызматынан кетти

Кыргызстандын футзал боюнча курамасынын башкы машыктыруучусу Амиржан Муканов кызматтан кетти. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзунан кабарлашты.

«Мен өлкөнүн башкы командасы менен алты жыл болдум. Бул оор жумуш болду. Футзал командасы менен иштешүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берген Кыргызстан футбол союзунун президентине жана аткаруу комитетине ыраазычылык билдирем, ар бир оюнчуга жана бардык күйөрмандарга колдоо көрсөтүп, сын айтканы үчүн ыраазычылык билдирем. Биздин футзал атаандаш боло аларын көрсөтө алдык», — деди Муканов.

Эске салсак, Муканов 2016-жылдан бери Кыргызстандын футзал боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп келген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button