Саясат

Балбак Түлөбаев: «Бишкектин аймагынан эки дарыя өтөт, бул монорельс курууга даяр инфраструктура»

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 6-июндагы жыйынында, электробустарды сатып алууга каражат бөлүү боюнча макулдашуу каралып жаткан учурда, эл өкүлү Балбак Түлөбаев  бул маселени мурда да көтөрүп келгенин, бирок бул нерсе мамлекеттик деңгээлде көтөрүлбөй жатканын билдирди.

«Бизде Бишкектин аймагынан эки дарыя өтөт — Аламүдүн жана Ала-Арча, биринчисинин узундугу 19 км, экинчиси — 17. Бул монорельс куруу үчүн даяр инфраструктура. Ошондо автобус, троллейбустун да кереги жок болуп калат. Азыр 2 миңге жакын автобус керек. Ар бири орто эсеп менен 100 миң доллардан. Монорельс курууга да ушунча каражат керек. Бул дарыяларды бойлото айланма багытта монорельстерди БЧКга түшүрсө болот. Колум менен көрсөтпөйм, кайра бир нерсе жазышат. Бир линияны Сокулукка, экинчисин Кантка салса болот. Шаарда экология дароо жакшырат. Мен министрлер кабинетине сунуштайм. Министрлер бул маселени дагы бир жолу изилдеп чыгышсын», — деди Түлөбаев.

Эске салсак, ал буга чейин да борбордо монорельс курууну сунуштаган.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button