Коом

Садыр Жапаров: Мезгил келгенде эч качан силерди жер каратпаймын

Президент Садыр Жапаров Би-Би-Сиге маек куруп,  коомчулуктун учурдагы актуалдуу суроолоруна жооп берген.

Мамлекет башчысы биринчиден, сөз эркиндигине эркиндик берип, экинчиден, өлкө башчы катары баарын бирдей көрүшү керектигин билдирди.

“Үй-бүлөдө деле он балаң болсо бир экөө начар чыгат. Анан аларды кодулап, бөлүп таштай албайсың да. Баарын бирдей жакшы көрөсүң. Мага сын айтып аткандарды, тилдеп аткандарды жаман көрбөйм. Сотко бербейм. Кечирим суратпайм. Сабырдуулук кылып тим коюп жатам. Бирок чектен ашып бара жатса, катуу тарбиялап койгонго эрким жетет. Чектен чыкпаш керек. Жүз пайыз элдин баарына жакпайсың. Жасалып жаткан иштерди бири туура түшүнөт, бири тескери түшүнөт. Бири көрүп айтат, бири көрбөй айтат. Жакшы иштерди көрүп турса дагы көргүсү келбеген адамдар бар”, — дейт ал.

Өлкө башчы аны колдоп такка олтургузган 80 пайыз шайлоочуларга эч кам санабоосун айтты.

“Мен баш көтөрбөй жакшы иштерди жасай берем. “Жөжөнү күздө санайбыз”. “Жөжө санаар” мезгил келгенде эч качан силерди жер каратпаймын”, — деди президент.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button