Коом

Балдар иштери боюнча комиссия Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын сунуштарын эске алды

КР Акыйкатчы институтуна Кыргызстандын жараны А.К. кайрылып, кайненеси ага билдирбестен жана макулдугусуз жашы жете элек балдарын алып кеткендигин билдирген.

2022-жылдын 8-июнунда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын өкүлүнүн катышуусунда А.К.нын жашы жете элек балдардын иши боюнча комиссиянын жыйыны болуп, анын чечими менен балдар Бишкек шаарынын мэриясынын Балдарды социалдык адаптациялоо борборуна убактылуу жайгаштырылган.

Ошондой эле, бул маселени кароодо 2022-жылдын 22-июнунда Акыйкатчы институту тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май администрациялык муниципалдык башкармалыгынын Балдар иштери боюнча комиссиясынын (КДБ) төрайымы А.Ж. Рыспаевага кат жолдонуп, ага ылайык Комиссияга төмөнкү сунуштар берилген:

– А.К.нын жашы жете элек балдарына альтернативдүү психологиялык экспертиза жүргүзүү;

— балдарды мыйзамдуу өкүлүнө — энесине кайтарып берүү;

— жаран А.К.нын жана анын балдарын жашаган жери боюнча учётко алуу.

Акыйкатчы институтунун бул сунуштарын Комиссия эске алып, КДКнын 2022-жылдын 24-июнундагы Токтомуна ылайык, балдар мыйзамдуу өкүлү — А.Н.га өткөрүлүп берилет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button