Экономика

Жаңы жылга чейин эң чоң «Дордой-Балыкчы» эт комбинаты ишке кирет

«Дордой-Балыкчы» эт комбинатынын курулуш долбоору аяктоо стадиясында турат жана 2022-жылы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу маалыматты КРдагы Америкалык Соода Палатасы (AmCham) компаниясы ишкананын уюмга мүчө болгонун кабарлап жатып билдирди.

Белгилей кетсек, «Дордой-Балыкчы» КРдагы эң ири эт комбинаты болот деп, аны алгач 2020-жылдын декабрында ишке киргизүү пландалган эле.

Долбоорго ылайык, эт комбинатында 100 баш ири мүйүздүү малды жана 1000 баш майда малды бир сменде кайра иштетүүгө мүмкүндүк берүүчү италиялык ROVANI TECHNOLOGY S.R.L. компаниясынын жабдуулары орнотулуп, анда эт азыктарынын ар кандай түрлөрү өндүрүлмөкчү.

Келечекте ишкана мал чарбаларды ачууну, тоют, эт консерваларын жана деликатестерди (чучук, ачытылган жана фарш) чыгарууну көздөп жатат.

«Дордой-Балыкчы» Кыргызстанда эт кластерин жандандыруунун жана өнүктүрүүнүн негизги звеносу болуп, фермерлерге асыл тукум малды сатууда кепилдик берүү, этти жогорку технологиялык кайра иштетүүнү ишке киргизүү аркылуу өлкөдөгү мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө түрткү берүү жана жогорку сапаттагы эт азыктарын экспорттоону көздөйт», — деп белгиледи AmCham.

Буга чейин айтылгандай, эт комбинатына 8 млн долларга жакын инвестиция тартылып, 2019-жылы ишкана Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунан (ОКӨФ) ири өлчөмдө насыя алганы айтылган. Кредит 100 баш ири мүйүздүү мал жана 1000 баш майда малдын этин кайра иштетүүгө жөндөмдүү европалык өндүрүштөгү жабдууларды сатып алууга жумшалышы керек болчу.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button