Өлкөдө 29-июлдан тарта абанын температурасы төмөндөп, жамгыр жаашы күтүлүүдө
Кыргызстанда 29-июлдан тарта абанын температурасы төмөндөп, жаан жаай турганын Кыргызгидромет билдирет.
Синоптиктердин маалыматы боюнча, 29-июлда Чүй облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында жаан жаашы күтүлөт.
30-31-июлда абанын температурасы 5 градуска төмөндөйт, өлкө боюнча жамгыр жаап сел жүрүшү күтүлөт.
Түштүк аймактарда абанын температурасы күндүз +35, түнкүсүн +25, 31-июлда күндүз +33, түнкүсүн +22 градуска чейин жетет.
Ысык-Көл, Нарын облустарында күндүз +26, түнкүсүн +14. Талас облусунда абанын температурасы +29, Чүй облусунда +31 градуска чейин жылыйт.
Бишкек шаарында 30-июлда күндүз +33, түнкүсүн +21 градус жылуу болушу күтүлөт. 31-июлда күндүз +31, түнкүсүн +20.