Коом

Хорватияда башка кыргыздарга алданып СИЗОго түшүп калган кыргыз жигиттерге ким жардам берет?

Кыргызстандан Хорватияга мыйзамдуу иштеп жаткан  Асанов Болоттун (аты-жөнү өзгөртүлду.ред)  ошол өлкөдө кармалышы тууралуу жакындары редакциябызга кабарлап, тиешелүү органдардан жардам сурашты.

Окуя мындайча болгон экен:

“Асанов Болот эки жылдан бери Хорватияга Бишкек шаарындагы жумушка орноштуруучу фирмалардын жардамы менен барып Загреб шаарында мыйзамдуу иштеп жаткан. Быйыл анын жанына ошол эле фирма аркылуу Курбанов Марат деген жигит да барып башка кыргыз, өзбек жигиттер менен  пластик эшик-терезе жасаган цехте чогуу иштеп жатышкан. Көп өтпөй Марат Курбановдун жанында анын аялы Жаңыл Суйөркулова пайда болду. Бирок ал Хорватияга мыйзамсыз жол менен барган экен. Ал өзү мыйзамсыз барган жолду билип алып, башка кыргыздарды дагы билгизбей ары-бери ташып журуптур. 24-июль күнү Болот жана чогуу иштеген бир нече кыргыз балдарды Марат Курбанов жана аялы Жаныл Сүйөркулова вокзалдан чек арага бир нече кыргызды ташып барыш керек деп балдарга кайрылат.  Жардам бергени үчүн бир аз акча төлөп  беребиз деп алдашат.  Болот жана жанында иштеген 2 бала макул болот.  Бирок вокзалдан чыгып Карловац шаарына жетпей Болот жанындагы иштешкен жигит экөө Хорватиянын полициясынын колуна түшөт. Берки Марат Курбанов менен  аялы Жаңыл Сүйөркулова  качып кеткенге үлгүрөт. Көрсө ал Марат аялы экөө бир нече жолу нелегалдарды ташып, ушундай кырдаалда кандай аракет көрүштү жакшы билип калышкан экен. Бул тууралуу Болотко эч нерсе айтышкан эмес.   Азыркы учурда Болот берки жанында иштеген кыргыз балдар менен чогуу  2 жумадан ашык убакыттан бери СИЗОдо жатышат. Пластик цехте иштеген башка кыргыз жана өзбек кесиптештери СИЗОго келип  полицияга кайрылып  “булар жакшы иштеген балдар,  алар алданып калышты,  күнөөлүү эмес дешсе, тигил жактан  анда ошол күнөөлүүлөр кармалмайын буларды чыгарбайбыз”,-  деп коюшуптур.

Бул окуя боюнча кармалган кыргыз жигиттердин туугандары Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылышкан. Алар Кыргызстандын Москвадагы элчилигине кат жолдогон. Элчилик Хорватияга  кайрылуу жиберген, бирок жооп боло элек.  2 жума өттү. Россия-Украин конфликтинин айынан Москвадан барган мындай суроо-талапка Европа жооп береби,-  деген суроо туулат экен. ТИМге “эмнеге Россиядагы элчиликке кайрылдыңар?” десек, алар болсо “президенттин жарлыгы бар, ошол боюнча иштеп жатабыз”, –  деп коюшту.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги “жарандардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүү үчүн ушул жылдын август айында Хорватия тарабынан кармалган жарандар тууралуу толук маалымат алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен нота жибергенбиз. Учурда жообу күтүлүүдө, – деп жооп берди.

Кыргызстандын жарандарын  кыргыздар эле чет жакта оор кырдаалга калтырып, бирин-бирин алдап-саткан ушундай учурлар качан токтойт? Азыркы учурда  Кыргызстандын жарандары Марат менен анын аялы Жаңылдын  мыйзамсыз аракетинен камакта жатат. Алардын тагдыры кандай болот, азырынча белгисиз. Ал эми Марат  Курбанов менен Жаныл Суйөркуловадан дайын жок. Кыргыз балдарды азгырып мыйзам жолунан чыгарган бул экөөнө кандай мыйзам каралган? Тиешелүү органдар биздин кайрылуубузду угуп,  Марат менен Жаңылды таап, Хорватиядагы мыйзамсыз иш аракеттери үчүн жооп беришин өтунөбүз,” – дешти жабырлануучулардын жакындары.

Бул тууралуу тиешелүү органдар да карап, чет жакта камакта жаткан мекендештерибизге жардам берет деген ишенимдебиз.

Болот болгону 35 жашта. Бишкекте аялы кичинекей 3 баласы менен калды. Аларга тамак-аш жагынан коншу-туугандары жардам берип жатат. Болоттун атасы жок, жүрөк оорулуу апасы гана бар.

Сүрөттө: Жаңыл Сүйөркулова менен Марат Курбанов.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button