Путин Ильхам Алиев менен Никол Пашинянды Россияга жолугушууга чакырды
Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ) уюмунун аймагындагы чыр-чатактардан чыгуунун жолун издөө керек. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда КМШга мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин жыйынында Россиянын президенти Владимир Путин билдирди.
Анын айтымында, КМШда пикир келишпестик, чыр-чатак менен бирге позитивдүү кызматташуу да орун алууда.
«Менин оюмча баары ак ниеттүү. Ошол ак ниеттүүлүктү максималдуу түрдө пайдаланыш керек», — деди Путин.
Ошондой эле ал Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинянды Россияга чакырды. Путин жолугушууну Россиядагы каалаган шаарда, каалаган убакта уюштуруу мүмкүн экенин белгиледи.
«Силер бир күндү белгилегиле. Учурда Россияда жолугууга кызыктар болуп жатасыңар деп ойлоп турам», — деди Путин.
Белгилей кетсек, кечээ 13-октябрда Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жабык эшик артында сүйлөшкөн.