Коом

“Талибан” мурдагы СССР өлкөлөрүн, НАТО жана АКШны афган экологиясына келтирилген зыян үчүн компенсация төлөп берүүгө чакырды

«Талибан» радикал кыймылы түзгөн Ооганстан өкмөтүнүн тышкы иштер министринин орун басары Шер Мохаммад-Аббас Станикзай дүйнөлүк коомчулуктан СССР, АКШ жана НАТОну куралдын ар кандай түрлөрүн колдонуусунан улам Ооганстандагы экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берүүнү суранды. Тиешелүү билдирүүнү ал Климаттын өзгөрүшүнүн глобалдык жумалыгына арналган иш-чарада айтты, деп билдирет TOLOnews.

«Биз эле эмес, бүткүл дүйнө [Ооганстандагы экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө] жооптуу,  анткени алар Ооганстандын экологиясына зыян келтиришти», — деди Станикзай.

Ал муну менен 1979-1989-жылдары Ооганстанда советтик армиянын жана 2001-2021-жылдары НАТОнун аскерлери турган маалда порошок, химиялык курал жана авиабомбаларды колдонуунун кесепеттерин айтып жатканын түшүндүрдү, Тышкы иштер министринин орун басарынын айтымында, Оогандар башка өлкөлөрдүн тургундарына караганда рак оорусуна көбүрөөк дуушар болушат.

Ооганстандын вице-премьер-министри Абдул Салам Ханафи Ооганстандагы климаттын өзгөрүшүнүн терс таасиринин бири болуп жаан-чачындын тең салмаксыздыгы жана кардын өз убагында жаабай жатышы экенин айтты.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жыл сайын 2000ден ашуун адам дем алуу органдарынын ооруларынан жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу абанын булганышынан каза табат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button