Саясат

Чыңгыз Айдарбеков ЖК комитетинин төрагалыгынан алынды

Депутат Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгынан алынды.

Бүгүн Жогорку Кеңештин беш фракциясы депутат Чыңгыз Айдарбековду Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгынан чакыртып алуу талабын койду.

Депутаттардын 43ү “макул”, 16сы “каршы” добушун берди.

Буга чейин парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев үч фракция жана эки топтон Айдарбековду төрагалык кызматтан алуу боюнча сунуш түшкөнүн билдирген.

Чыңгыз Айдарбековдун кыргыз-өзбек чек арасындагы макулдашуу келишиминин долбоору боюнча комитеттин чечимине төрага катары кол койбогонунан ушундай кырдаал түзүлгөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button