Коом

82 жаштагы карыя какыраган чөлгө жашыл оазис жаратты

82 жаштагы монгол карыя өмүрүнүн акыркы отуз жылын Гоби чөлүнүн ортосундагы жашыл оазиске кам көрүү менен өткөргөн.

Бараадууз Демчик көп учурда адамдын чөлгө каршы күрөшө аларын жандуу далил катары келтирет. Анын 16 гектарлык оазиси бир да километр алыстыкта ​​башка өсүмдүктөр көрүнбөгөн какыраган Гоби чөлүнөн орун алган.

Мунун баары 1990-жылдардын башында монгол дыйканы кургак жерге жашылча эгүүнү чечкенде башталган, бирок анын эмгеги шамал учуруп кеткен. Мына ошондо огородун коргоо үчүн күчтүү дарактар ​​керек экенин түшүнүп, карагай отургуза баштайт.

Бараадууз Гоби чөлүндөгү бакчасынын айланасына карагай өстүрө баштайт жана натыйжасы укмуштуудай болду. Анын бакчасы гүлдөп гана тим болбостон, кичинекей бак-дарактары да гүлдөп, эл байкай баштады. Анын 16 гектар жери, чексиз көрүнгөн Гоби чөлүнө салыштырмалуу анчалык деле чоң эместей көрүнгөнү менен, Бараадууз Демчиг 400 000ден ашуун бак-дарактарды өстүргөн. Анын эмгегин көрүп көпчүлүк дыйкандар андын андан үлгү алууга кызыгат да бактарын сатып ала башташат.

Бараадууздун жашыл оазисин курчаган какыраган ээн талаага карап, камкордуксуз жана коргоосуз бул жерден аз гана өсүмдүктөр өсүп чыга тургандыгы көрүнүп турат. Бирок, монгол дыйканы бир нече ондогон жылдардан бери чычырканак, малина жана башка мөмө-жемиш бадалдарын өстүрүп келет.

Азыр  ал карып калдым деп эстафетаны небересине өткөрүп берген.  Учурда неберелери чөлдөгү чоң атасынын бакчасына жардам беришип, кам көрүшүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button