Коом

Депутат Шаирбек Ташиевдин демилгеси менен Кыргызстанда боорго трансплатация жасала баштайт

Мындай маалыматты Facebook социалдык тармагынын активдүү колдонуучсу, жарандык активист Орозбек Осмонов ɵз баракчасына жазып чыкты:

«Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиевдин демилгеси менен боор алмаштыруу (трансплантация) эми өзүбүздүн Кыргызстанда жасала баштайт. Муну менен убакыт да жедирбейбиз, каражат да көп сарпталбайт. Бул демилге ушул жылы Индия жана Турция клиникаларынын мыкты трансплантологдору жана ошол мамлекеттерде тажрыйба алмашып, үйрөнүп келген врачтарыбыздын жардамында ишке ашат.

Аталган долбоорду учурда Саламаттык сактоо министри Гүлнара  Баатырова менен биргеликте иштеп жатышат. Буга чейин, боор алмаштыруу үчүн Индияда же Турцияда 30-40 миң доллар баасы менен операция жасалган болсо, азыр 2 эсе арзан баада өлкөбүздө жасалып, элибизге кадыресе жеңилдиктер болот.

Шаирбек Кыдыршаевич жана Гүлнара Маришовнага ыраазычылык жана ийгилик!» — деп жазган Осмонов.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button