Коом
Мамлекеттик матрезервдер фондунун кампаларында 5,1 миң тонна жаздык үрөн бар
Учурда Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларында Россиядан алып келинген жаздык үрөндөрдүн калдыгы 5 миң 120 тоннаны түзөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
— жаздык буудай – 1302,3 тонна;
— жаздык арпа – 3607,246 тонна;
— күн карама – 69,410 тонна;
— сафлер – 6,240 тонна;
— соя – 42,140 тонна;
— горох – 92,550 тонна;
— люцерна ( кара беде) – 0,150 тонна.
Айыл чарба министрлиги жаздык үрөн алууну каалагандарды жергиликтүү райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарына кайрылууну эскертет.