Спорт

Бишкекте ЖКнын депутаты Шайлообек Атазовдун байгесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш өттү

Кечээ, 27-февралда Жогорку Кеңештин депутат Шайлообекы Атазовдун байгесине арналган бокс боюнча эл аралык таймаш өттү. Ачылыш аземине Жогорку Кенештин Төрагасы Нурланбек Шакиев, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана бир катар депутаттар катышты.

     Иш-чарада сөз сүйлөгөн Төрага Нурланбек Шакиев депутат тарабынан демилгеленип, өткөрүлүп жаткан мелдешке жогору баасын берип: “Акыркы жылдары спортко өзгөчө көңүл бурулуп, кыргыздын улан-кыздары эл аралык жана дүйнөлүк мелдештерде байгелүү орундарды багындырышууда. Бул мамлекетибиз үчүн чоң олжо, элибиз үчүн сыймык. Андыктан бүгүнкү өткөрүлүп жаткан иш-чара дагы өлкөлөр ортосундагы достукту арттырып, спортко кызыккан жаштардын көбөйүшүнө өбөлгө түзөт деген ишеничтемин”, – деди.

Муну менен катар Жогорку Кеңештин атынан ар бир катышуучуга ийгиликтерди каалаган Төрага: “Мелдеште күчтүүнүн күчтүүсү жеңсин”, – деген тилегин билдирди.

Аземдин алкагында Төрага Нурланбек Шакиев спорт жаатындагы жетишкендиктери жана жигердүү коомдук ишмердүүлүгү үчүн бокс боюнча дүйнөнүн чемпиону Дмитрий Биволго Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды.

Өз кезегинде Дмитрий Бивол мелдештин уюштуруучуларына жана тапшырылган сыйлыкка ыраазычылыгын айтып, кол тамгасы түшүрүлгөн бокс мээлейин Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго белек кылды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button