Спорт

Бишкекте кыз-келиндер арасындагы 2024-жылкы U-20 Азия кубогу өтөт

6-марттан 10-мартка чейин Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2024-жылкы кыз-келиндер арасындагы Азия кубогунун I тандоо турунун оюндары өтөт.

Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер курама командасы С тайпасынан чыгып, андан ары катышуу үчүн Гуам жана Австралия курамалары менен беттешет.

Азия Кубогунун финалдык турниринин катышуучуларын аныктоо максатында тандоо турниринин беттештери өткөрүлүүдө. 10 тандоо тайпасынын жеңүүчүлөрү келерки жылы Өзбекстанда өтө турган кыз-келиндер арасындагы Азия Кубогунун финалына чыгат.

Матчтын жүгүртмөсү:
6-март Гуам – Австралия
8-март Кыргызстан — Гуам
10-март Австралия — Кыргызстан

Кирүү акысыз. Беттештер 20.00дө башталат.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын назарына! Турнир алдындагы пресс-конференция башкы машыктыруучулардын жана командалардын капитандарынын катышуусунда «Гарден» мейманканасында (Медерова 11Б) өтөт. Саат: 12:00-13:00

Машыгуулар массалык маалымат каражаттарына жеткиликтүү (биринчи 15 мүнөт, орду: Д.Өмүрзаков атындагы стадион):
Австралия: 5-март 21:00-21:15
Гуам: 5-март 20:00-20:15
Кыргызстан: 7-март 20:00-20:15

ЖМКнын аккредитациясы:
Суроолор боюнча: 0558117166 Азатов Бекжан

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button