Коом

УКМК баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү фактыларын кабарлоого чакырат

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү фактыларына күбө болгон жарандарды ведомствого кабарлоону суранат. Байланыш номери: 66-04-75, 62-65-04. Анонимдүүлүк сакталары убадаланды.

Мындан тышкары, мыйзамсыз аракеттерге катышкан адамдар өз ыктыяры менен кызматташууга келсе, Улуттук коопсуздук органдары мыйзам чегинде коргоп, жардам берери белгиленди.

Атайын кызмат бүгүнкү күндө синтетикалык баңгизат каражаттарынын жаңы түрлөрү пайда болуп, интернет мессенжерлери, социалдык тармактар аркылуу сатуу күчөп баратканын билдирди. Мындан улам баңгизаттарды жайылтууну жана сатууну уюштурууга акчалай сыйлык убадалап, көбүнчө студенттер жана мектеп жашындагы балдар тартылып жатканы белгиленди.

УКМК ата-энелерди балдарынын убактысын кантип өткөрүп жатканын жана чөйрөсүн көзөмөлгө алып, ошондой эле тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырат. Кылмыш-жаза кодексине ылайык, мындай кылмыштар үчүн 14 жаштан баштап мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу кылмыш жоопкерчилиги каралганы эскертилди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button