Маданият

Ош драма театрынын артисттеринин Бишкек шаарындагы гастролу башталат

Бүгүндөн тарта борбор калаада Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын Бишкек шаарындагы гастролу башталат. Бул туурасында аталган театрдан кабарлашты.

Гастролдун биринчи күнү борбордун жашоочулары менен конокторуна төмөнкү эки спектакль тартууланат:

Саат 14:00 — Л.Бакибаева, «Бакыт учурган үш»;

Саат 19:00 — Г.Фигейредо, «Эзоп» трагикомедиясы.

«Спектаклдер Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында коюлат. Биз сиздерди күтөбүз!» — деп чакырык салган театр көрүүчүлөргө.

Билеттер Улуттук академиялык драма театрдын кассасында сатылып жатканын айтышты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button