Экономика

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 4 айда 3,9 млрд долларды түздү

Кыргыз Республикасынын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2023-жылдын январь-апрель айларында 3,9 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, бул өткөн жылдын январь-апрелине салыштырмалуу 25,5 пайызга көптүк кылат, мында экспорттук жеткирүүлөр 18,9 пайызга, ал эми импорттук түшүүлөр 26,8 пайызга көбөйгөн.

Ал эми 2023-жылдын январь-апрель айларындагы ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен болгон өз ара сооданын көлөмү 1,1 млрд долларды түздү жана 2022-жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 7,6 пайызга төмөндөдү. Мында экспорттук жеткирүүлөр 9,0 пайызга көбөйдү, ошол эле убакта импорттук түшүүлөр тескерисинче 12,9 пайызга азайган.

2023-жылдын январь-апрель айларындагы республиканын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен болгон өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (62,3 пайыз) жана Казакстанга (35,1 пайыз) туура келди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button