Спорт

Бүгүн Кыргызстан менен Ирандын футболчулары беттешип, Бишкектин көчөлөрү жабылат

Бишкектин эки борбордук көчөсү бүгүн саат 16:00дөн тарта жабылат. Бул тууралуу Кайгуул милициясы кабарлады.

Борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан — Иран футболдук мелдеши өтөт. Оюндун концерттик программасы саат 20:00дө, ал эми футболдук беттеш андан бир саат өткөн соң, 21:00дө башталмакчы.

Жергиликтүү футболчулар борбор азиялык CAFA турниринин финалына чыгуу үчүн таймашат. Эгерде ирандык спортчуларга утулуп калса, коло медалдын ээси болот.

Саат 16:00дөн тарта төмөнкү көчөлөр жабылат:

Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Фрунзе көчөсүнүн Тоголок Молдодон Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Футболдук таймаш учурунда коомдук тартиптин сакталышына эки миңге чукул милиционер көзөмөл кылат. Шаардык тартип сакчылар күйөрмандарды бейбаштык кылбоого жана стадионго тыюу салынган же кооптуу буюмдарды алып кирбөөгө чакырды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button