Экономика

Кыргызстандын тышкы соодасынын көлөмү беш айда дээрлик $5,2 млрд түздү

Кыргызстандын товарларды тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2023-жылдын январь-майында 5,2 жакын млрд.АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди.

Анын айтуусуна караганда, бул көрсөткүч 2022ыжылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 27,9 пайызга көбөйдү, мында экспорттук жөнөтүүлөр 21,9 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 29,2 пайызга көбөйдү.

«ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 2023-жылдын январь-майында 1,6 миллиардга жакын АКШ долларын түздү жана 2022-жылдын январь-майына салыштырмалуу 3 пайызга төмөндөдү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 10,6 пайызга көбөйгөн, ошол эле учурда импорттук келип түшүүлөр тескерисинче 8,3 пайызга кыскарган», — деди ал.

Төраганын биринчи орун басары кошумчалагандай, 2023-жылдын январь-майында республиканын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (64,4 пайыз) жана Казакстанга (33,2 пайыз) туура келди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button