Экономика

Финансы министрлиги: 6 айда салыктык эмес кирешелерден 37,8 млрд сом түштү

Үстүбүздөгү жылдын 6 айында салыктык эмес кирешелерден 37,8 млрд сом түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик бюджеттин жалпы киреше бөлүгүндө салыктык эмес кирешелердин 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата мамлекеттик бюджетке салыктык эмес кирешелердин иш жүзүндөгү түшүүсү 37,8 млрд сомду түзүп, жалпы кирешелердин 19,5 % ын түздү.

2023-жылдын биринчи жарым жылына карата жалпы норматив менен жеткирилген салыктык эмес кирешелердин бекитилген планы 22,6 млрд сомду түзгөн. Ал эми 6 айда аткарылган планы 37,8 млрд сом болуп, пайыздык көрсөткүч такталган планга карата 121,5%ды түздү, же биринчи жарым жылдыкка карата бекитилген пландан 15,1 млрд сом ашыкча жыйналды.

Натыйжада кошумча киреше булактарын табуунун эсебинен бюджеттин кирешеси көбөйгөн. Ал эми 2022-жылга 6 айына карата салыштырмалуу кирешелер 12,5 млрд сомго көп жыйналып, өсүү ыргагы 149,7 пайызды түздү.

Кыргыз Республикасынын «2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамына ылайык, дивиденддердин планы 3 200 млн сом өлчөмүндө каралган. 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча дивиденддерден түшкөн иш жүзүндөгү киреше 11 млн 170,8 миң сомду түздү, башкача айтканда жылдык планга карата 349,1 % аткарылган, ал эми 6 айдын планы 1600,0 млн сом ѳлчѳмүндѳ бекитилген, такталган 6131,8 млн сом планга ылайык аткарылуусу 182,2% ды түздү жана биринчи жарым жылдыгына карата пландан 5039,05 млн сомго ашыкча жыйналган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button