Коом

Бишкекте «Шашлычная №1» кафеси буздурулат

Бишкекте «Шашлычная №1» кафеси буздурулат. Бул тууралуу Муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, Тыналиев көчөсү, 2/1 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 1 миң 600 чарчы метрди түзгөн кафе ижара келишиминин токтотулушуна байланыштуу демонтаждалууда.

Жеринде мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев, Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын жана “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери иш алып барууда.

Мекеменин администрациясы менен сүйлөшүүлөрдөн кийин менчик ээлери объектти өз ыктыяры менен демонтаждоо милдетин алышты.

Белгилей кетсек, жер тилкелерин ижарага укук берүү боюнча комиссиянын чечими менен «Шашлычная №1» кафесинин ээлерине ижара келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тартылган.

Аталган объектти курууда көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталып, райондун тургундарынын мекеменин ишмердүүлүгүнө карата даттануулары, чыр-чатактуу кырдаалдар орун алган.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгына объектти демонтаждоо маселесин иштеп чыгуу тапшырылды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button